Slider

Бүгүн, 23-январда Бишкекте орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйга колдоо көрсөткөн акция болуп өттү. Бул туралуу Азаттык жазып чыкты.

Өзүн Дмитрий деп тааныштырган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барганын, колундагы ураан-жазуулардын бирин милиция алып койгонун Current Time Asia телеканалынын кабарчыларына айтып берди:

«Навальный туура сүйлөп, туура иш кылып жатат деп эсептейм. Кыргызстан Орусиядан көз каранды эмес болушу керек. Аны бошотуу талабы коюлган акциялар бүгүн бүткүл Орусияда өтүп жатат».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *