Slider

Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын Риа Новости жазды.

Өлкөнүн Улуттук инфекциялык институтунун маалыматы боюнча, COVID-19дун мутацияланып кетиши учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Ошондой эле бат тараган касиетке ээ экендиги болжолдонду.

Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысы Кацунобу Като коронавирустун жаңы штаммы 93 кишиден аныкталганын билдирди. Эки бейтаптан оору өлкөгө учуп келгенде, калганы Канто аймагында аныкталган.

Японияда пандемия башталгандан бери коронавирусту 424 миң киши жуктурду, анын 7,37 миңи оорудан көз жумду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *