Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
2020-жылдын октябрь айына чейин аталган кызматты Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, аны элчилик кызматтан бошоткон.
Ал эми Гүлнара-Клара Самат «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп турганы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын катарында катышкан.