Slider

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун эпидемиясынын жаңы түрү 2022-жылдын башында аяктай турганын жана эң начар сценарий артта калганын жарыялады.

Даниянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы DRга маек берген, ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Др. Ханс Клюге 2021-жылдын дагы Ковид-19 жылы болоорун, бирок 2020-жылга караганда этият жана башкарууга боло тургандыгын баса белгиледи.

Клюге эң начар сценарий артта калганын, вирус алгач жайыла баштаган 2020-жылга салыштырмалуу вирус жөнүндө көбүрөөк маалымат бар экендигин билдирди.

Ковид-19 мутациясын талкуулаган Клюге, мутациялар кадыресе көрүнүш экендигин жана вирус жуккан адамга ыңгайлашууга аракет кылып жатканын, бирок мутациялардын тез жайылышы аларды тынчсыздандырганын түшүндүрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *