Slider

Россия Кыргызстанга 5,2 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Россия Федерациясынын өкмөтү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 5,2 миллион доллар бөлдү», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, материалдык-техникалык жана каржылык жардам 2021-2022-жылдарга Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына көрсөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *