Slider

Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси 84 миң сом опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жергиликтүү маалымат агенттиктеринин биринин М.У.К. аттуу жетекчиси 22-февраль күнү колго түшкөн. Айрым маалымат булактары кармалган аял “Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова экендигин жазышууда.

«Кармалган аял арыз ээсинен мас абалында кайгуул милициясына түшүп калган видеоматериалды өчүрүү үчүн акча талап кылган», — деп айтылат маалыматта. 

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча бирдиктүү реестрге катталды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, териштирүү амалдары уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *