Slider

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө КР Жер Кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган, — деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2016-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан ЖЧКнын бирине 35 гектер жер тилкеси убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 2 млн 879 миң 980 сомдук зыян келтирилген.

Мындан сырткары, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2017-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын орду толтурулбастан кайрадан эле башка ЖЧКна 26,17 гектер жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилип мамлекетке 1 млн 414 миң 382 сомдук зыян келтирилген.

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан 2020-жылдын 25-февралында мамлекетке келтирилген 4 млн. 294 миң 362 сомдук зыянды өндүрүү максатында сотко доо арыз келтирилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *