Slider

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапарынын алкагында орус тарап Кыргызстанга балдарды орусча окута турган 44 мектеп куруу убадасын берди. Бул тууралуу 26-февралда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек иш сапардын жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын белгилешинче, гуманитардык жана билим берүү долбоорлору, Кыргызстанда орус тилин сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгы ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маанилүү орунду ээледи.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бардык аймактарында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 44 мектеп-интернатын ачуу боюнча келишим түзүлдү. Билим берүү мекемелеринин курулушу Орусиянын колдоосу менен ишке ашат. Мектеп-интернаттарга орусиялык педагогдор тартылат.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *