Бүгүн, 27-февралда Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө өзбек-кыргыз мамилелеринин негизги аспектилери, саясий жана дипломатиялык, чек ара, соода-экономикалык, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын өркүндөтүү, аймактар аралык масштабдагы жаңы инфраструктура, транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болот.