Slider

Акыркы күндөрү Орусияда мекендештерибиз «курьер» кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерге кеңеш берет.

Мыйзамсыз буюмдарды ташууда: буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда, жашыруун жайларга коюп кетүү болуп саналат. Бул кызмат “Телеграм” жана “Hydro” сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Ал эми офицалдуу курьерлик кызмат: жумуш берүүчүдөн буюмду алып, белгилүү кабыл алуучуга жеткирип берүү болуп саналат жана бул кызмат тиркеме аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт.

Тилекке каршы, биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат.

«Курьерлик кызматка жамынып, баңгизатын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандар!
Бул кооптуу ишти бир же эки жолу аткарып «мени кармаса, мен курьермин деп кутулам же мени эч ким байкабаса, иштин жагдайларын билбесе кайра аткарсам болот» деген кыска түшүнүктөн алыс болуш керек. Себеби алыста үмүт артып, жол карап күткөн ата-эненин, бир туугандардын көз жашы да жардам бере албайт, ал эми бул кылмыш үчүн Орусия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзамсыз жана өмүрүңүз үчүн кооптуу ишти жасаардан мурда терең ойлонуңуз, урматтуу мекендеш»,
 деп кайрылат өкүлчүлүктөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *