Slider

Мектепте окуучуну мугалим өзү каалаган жерге отургузат. Айрым балдар жактырган классташ кызынын жанында отурууну каалайт. Сабак билбеген балдарды жакшы окуган кыздардын жанында отургузган учурлар болот. Мектеп партасына отурууда тандоо сизде болсо, сүрөттө көрсөтүлгөн төрт орундуктун кайсынысына олтурат элеңиз? Тандаган орундук сиз жөнүндө айтат.

№1 Эгер 1-партаны тандасаңыз, көңүлдү жүрүүнү жана баарынан алдыда болууну каалайсыз. Жашоодо жалгыз калуудан коркосуз, ошондуктан ар дайым көңүл көтөргөн адамдар менен мамиле кургуңуз келет. Айрым адамдар сизди жоопкерчиликсиз деп ойлошот, а чындыгына келгенде сиз андай эмессиз.

№2 Бир эле учурда ишке дагы, жумушка дагы убакыт ажырата аласыз. Убакытты текке кетирбей, план менен иш жасап, ар бир иштен натыйжа алууну билесиз. Сиз алдыга так план коюп, ошол аркылуу ийгилике жетесиз.

№3 Сиз 3-партага отурууну кааласаңыз, акылдуу жана башкалардын көңүл чордонундагы адамсыз. Сиз менен сүйлөшүп олтурууну көпчүлүгү жактырат, себеби кандай гана окуя болбосун аны кызыктуу кылып айтып бересиз. Ошондой эле сырткы келбетиңизге да кам көрүүнү унутпайсыз.

№4 Сизге 4-партада олтуруу жага турган болсо, демек сиз ар дайым мыкты болууга умутуласыз. Сиз үчүн ар бир иштин натыйжалуу болгону маңыздуу, жөн гана натыйжалуу эмес, абдан жакшы деген татышы керек. Сиз жоопкерчиликтүү адмсыз жана көп нерсеге кабатырланасыз. Ошондуктан жеңилүүнү да моюнга албайсыз.

Даярдаган: Дөөлөт Канатбеков

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *