Slider

Окуучуларды 9-класска чейин окутуп, калган 2 жылдык окууну окуучунун  тандаган кесибине жараша билим берүү туралуу мыйзам долбоору Жогорку Кенеште каралып жатат. Бул туралуу Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов менен Жалпы республикалык тестирлоого даярданып жаткан окуучулардын жолугушусу учурунда маалым болду.

Жолугушуу учурунда эл өкүлү окуучулардын түрдүү суроолоруна жооп берип, билим берүү,медицина,чек ара көйгөйлөрү туралуу пикир алмашты. Окуучулар түрдүү суроолоруна жооп алып, кызуу маек орун алды.

Эл өкүлү жаш жеткинчектерге ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшүп, аларга акыл-насаттарын айтып өттү. Окуучулардын берген суроолорунун маани-мазмундуулугунан, алардын эл-жер үчүн күйүп-жанып тургандыгын түшүнгөндүгүн айтып, жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү орду бийик экендигин белгиледи.

Пикир алышуунун жүрүшүндө эл өкүлү ар бир суроо,сунушту эске алып, аны Жогорку Кеңешке , тийиштүү өкүлчүлүктөргө жеткирээрин, жаштардын көйгөйлөрүн чечүүгө ар дайым кол кабыш көрсөтөрүн да айтты. Суроо бергендердин арасынан кызыктуу суроо,эң мыкты суроо,өзгөчө суроо жана ачуу суроо берген окуучулар аныкталды. Эл өкүлүнүн жеке жашоосуна, депутаттык ишмердүүлүгүнө кызыгып, алдыдагы пландарын да сурагандар болду.

Эл өкүлү Улан Примов Ош облусунун Алай,Чон Алай, Араван,жана Кара-Суу райондорунан  жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо максатында 75 окуучунун 2 айлык курсунун каражатын төлөп,”Рекорд” окуу борборунда окутуп жатат. Даярдоо курсуна аймактардан окуучулар тандалып алынган.Окуучулар окуу акысын каржылап гана койбостон алар менен жолугушууга келип, алардын көйгөйлөрүн уккан депутатка ыраазычылыктарын билдиришти.

Жолугушуунун аягында Улан Примов “Рекорд” окуу борборунда окуп жаткан  эң мыкты жетишкендик көрсөткөн ондон ашуун окуучуга өзүнүн белектерин тапшырды. Бул менен бирге кызыктуу,эң мыкты, өзгөчө ачуу суроо берген окуучуларды да куру кол калтырбады.

Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жаткан окуучуларга моралдык,материалдык колдоону адатка айландырды. Былтыркы жылы Алай жана Чон- Алай райондорунан 70ке жакын окуучуну окутса, быйыл 80ге жакын окуучунун Араван жана Кара Суу райондорун да камтып, 2 айлык окуу курсунун каражатын камсыздап берди.Эске салсак, былтыркы жылы даярдоо курсун У.Примов каржылап берген Алай районунун окуучусу жалпы республикалык тестирлөөдө өлкө боюнча эң алдыңкы упайга ээ болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *