Кыргызстанда бир суткада коронавирус 33 адамдан табылып, 45 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык,
Бишкекте – 17,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 12,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Ош облусунда – 1 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 45 адам коронавирустан айыгып, Бишкекте 2 бейтап каза болду.
Учурда стационарларда коронавирустан 334 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.