Slider

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун демилгеси жана “Примов” фондунун демөөрчүлүгү астында мектептер жана мугалимдер арасында сынак жарыяланды. Сынакка Алай жана Чоң-Алай районундагы бардык мугалимдер катыша алышат. Өткөн жылы мугалимдер арасында өткөрүлгөн сынак быйыл да улантылып, анын байге фондусу көбөйгөн жана сынакка кошумча шарттар киргизилген.

«Мугалим долбоору 2» деп аталган сынактын ачылуу аземи Ош шаарында болуп өттү. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, коомдук, чыгармачыл ишмерлер катышты. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун демилгеси менен өтүп жаткан бул долбоор билим берүү системасына жаңычылдык киргизип, мугалимдердин билимин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөөрүн айтышты.

Возможно, это изображение (1 человек и стоит)

Сынактын жобосу «Рекорд» окуу борборунун окутуучулары менен биргеликте иштелип чыккан. Былтыркы өткөн сынакта «Мыкты мугалим» гана аныкталса,быйыл «Мыкты мектеп», «Мыкты директор» конкурсу да өтөт.

Возможно, это изображение (один или несколько человек и люди стоят)

«Мыкты директор» сынагы мектеп директорлорунун ишмердүүлүгү, мектептин билим сапаты жана жалпы абалы(спорт залы,ашканасы,окуу класстары) бааланып, ар бирине бирден упай берилет.

«Мыкты мугалим» сынагынын катышуучулары «PISA» тести жана «Китеп окуу» сынагынан өтүшөт. Мындан сырткары, мугалимдин олимпиадага окуучуларынын катышуусу, аймактагы кадыр-баркы, билим сапаты,сабак өтүүдөгү өзгөчө усулу бааланып, сынактын кийинки турларына жолдомо алат.

Возможно, это изображение (2 человека, люди стоят и в помещении)

«Мыкты мектеп» сынагында директордун,мугалимдердин жетишкен ийгиликтери,окуучулардын ЖРТда алган жогорку баллдары,республикалык олимпиадага катышуучулары жана «Мыкты жаш мугалими», мектептин сырткы,ички жасалгасы каралып, бааланат.

Сынактын жалпы байге фонду 2,5 млн.сомду түзүп,баш байгеге автоунаа коюлган. Жеңүүчүлөргө үй тиричилик буюмдары,баалуу белектер ыйгарылат. Сынакка катышкан ар бир мугалим,мектеп директорлоруна кызыктыруучу сыйлыктар даярдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *