Slider

Алматыда карантинге карабай иштеген ырчы Кайрат Нуртас ресторанда кармалды. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ресторанда туулган күн өткөрүлгөн. Укук коргоо органдары жана санитардык кызматкерлер келген учурда Кайрат Нуртасты жашырууга аракет кылышкан. Туулган күнгө келгендердин баары милицияга алып барылып, айып пул салынды.

Кайрат Нуртас окуяны инстаграм баракчасында түшүндүрдү.

«Мени эле кармагысы келишкенби, билбейм. Бирок, баарын кудай көрүп турат», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *