Slider

Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү 2007-жылы туулган бала мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон. 3-апрелде жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулган.

Кечээ, 4-апрель күнү кайра издөө иштери башталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерге издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМнын Алай районунун башчысы, Алай райондук №68 өрт куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу, жалпы 29 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, натыйжа болгон эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *