Slider

Бишкек шаарында жаш баланы тиштеп алган иттин ээсин милиция издеп жатат.Шаардык мэрия тургундарды ротвейлер тукумундагы иттин ээси туралуу маалымат билген болсо, кабарлап коюуга чакырат.

1-апрелде Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасына ит тиштеп алган 12 жаштагы бала түшкөн. Окуя Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Интернет желесинде тараган видеодон көчөдөн өтүп бараткан окуучуну жана аялды ит талап, баланы тиштегени жана аны ажыратып алууга аракет кылган адамдарды көрүүгө болот.

Бул факт боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат. Иттин ээси аныктала элек.

Бишкек мэриясы шаардыктарга иттерин эмдетүүгө жана аларды көчөгө чыгарганда башкалардын коопсуздугун эске алууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *