Slider

Бүгүн 7-апрель окуясына быйыл 11 жыл болду.2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган.

Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Окуянын 11 жылдыгына карата бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өтөт. Мамлекет башчы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги апрель окуясында курман болгондорго арналган мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл коёт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *