Slider

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди.

Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Үрөй учурган окуя боюнча социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Айрымдары ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылса, айрымдары ИИМдин алдына митингге чыгууга үндөшүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *