Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси уурдалган кыздын өлүмү тууралуу ишти аягына чыгармайынча отставкага кетпей турганын айтты.
8-апрелде басма сөз жыйынында журналисттер Бишкек милициясынын башчысынын отставкасы тууралуу сурашты.
Белгилей кетсек, кечээ 7-апрель күнү Бишкектен уурдалган 27 жаштагы Айзаданын сөөгү табылган.
Милициянын алдын-ала божомолуна караганда, ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.
Окуя тууралуу милицияга 7-апрелде маалымат түшүп, жерине кызматкерлер барган. Унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркектин сөөгү табылган. Аларга кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган.