Slider

Ош шаарында дагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг болуп өттү.

Кырктай киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратына чогулган. Алар шаардык милициянын жетекчилигин кылмыштуулук менен күрөшүүдө оперативдүү болууга жана коомчулукка кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин түшүндүрүү иштерин жайылтууга чакырды.

Митингде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Ашим Раимбердиев үй-бүлөлүк зомбулук, кыз ала качуунун кесепеттери боюнча элге түшүндүрүү иштери, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Мындай нааразылык акциялар 8-апрелде Бишкекте дагы өтүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *