Slider

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүү тобу президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаровдун үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштоо планы коркутуулардан улам үзгүлтүккө учураганын айткан сөзү боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

17-декабрда бул тууралуу маалымат Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберилгенин Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттикке талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Коомдук теле-радио компаниясындагы түз эфирде өзүнүн тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айткан.

“Мен эл менен биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Тилекке каршы, мына ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага “бизде жаш азаматтар пайда болду, эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз” деп айтышты дешти мага”, – деди КТРКнын түз эфиринде.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *