Slider

Расмий Нур-Султан кыргызстандык жарандарга Бишкек шаарынан Талас облусуна Жамбыл аркылуу ары-бери катташына уруксат берди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстан жүргүнчү ташуучу унаалардын транзиттик өтүүсүн калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.

Мекемеден ырасташкандай, бул чечим Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин өткөн айдын башында Нур-Султан шаарындагы сүйлөшүүсүндө кабыл алынган. 

«Бишкек-Талас-Бишкек» маршруту боюнча Казакстандын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдүн кыймылын казак тарап коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 16-мартында токтоткон эле.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *