Slider

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматынан баш тартты. Бул туралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына өзү тастыктады.

Маалыматка караганда, ал бул кызматта иштегенге көңүлсүнбөй жатканын айтты. Жапыкеев кызматтан кетүү себебин кийин айтып берерин кошумчалап, саясатка барбай турганын белгиледи.

Мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Интернетте бийликти кескин сындап белгилүү болгон. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого оппозициялык «Чоң казат» партиясын жетектеп барган.

Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Финансы полициясына жетекчи болгон.Финпол кийин жоюлуп, Жапыкеев 30-мартта Ысык-Көл облусуна прокурор болуп дайындалган болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *