Slider

Азия өнүктүрүү банкы «Алматы-Бишкек экономикалык коридору» демилгесинин алкагында Бишкек шаарына абанын сапатын көзөмөлдөөчү заманбап үлгүдөгү 50 шайманды берди.

Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы маалымдады. 17-декабрда шаймандарды банктын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис Мак Дейган Гидрометеорология агенттигине тапшырды.

«Clarity Node-S» үлгүсүндөгү мониторлор элдин саламаттыгын, жашоо сапатын жакшыртуу үчүн атмосферадагы PM1, PM2,5, PM10 жана азот диоксидин өлчөп, Бишкектеги абанын булганышынын себептерин аныктамакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *