Slider

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде чыккан жаңжалдан талкаланып, өрттөлгөн турак үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ал эми калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон үйлөр бекер курулуп берилери айтылды.

Кандуу кагылышууга алып келген чыр 28-апрель күнү башталып, уланып кеткен.Сүйлөшүүлөр жүрүп, атышуу токтоп, абал турукташа баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалымат боюнча, жаңжалдан Баткен менен Лейлек райондорунда 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн толугу менен күйүп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *