Slider

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда жаткан чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө жаракат алгандардын абалынан кабар алды.

Премьер-министр Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын кесепетинен ар кандай оордуктагы жаракат алып жабыркаган жарандар менен маектешип, өкмөт тарабынан чек ара маселесин чечүү жана конфликтти басаңдатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

«Өлкө жетекчилиги жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдорду, мектептерди, жарандардын талкаланган үйлөрүн калыбына келтирет. Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин кароодо. Учурда эң негизгиси чыр-чатакты ырбатпастан биримдик жана тилектештикти сактоо үчүн бардык күч-аракетти жумшообуз керек. Кыргыз элинин эрки ар дайым күчтүү болгон, ынтымак жана биримдик аркылуу кырдаалдан биргеликте татыктуу өтүп кете алабыз», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр маектешүүдө жабыркаган жарандарга тез арада ден соолуктары калыбына келүүсүн каалап, ал эми медицина кызматкерлеринен аларга карата аяр мамиле кылуусун өтүндү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *