Slider

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев 3-майда брифингде билдирди.

Анын маалымдашынча, буга байланыштуу атайын жумушчу топ түзүлдү жана анын мүчөлөрү ушул учурда Баткенде документтерин жоготкон жарандардын тизмесин тактап жатат:

«Документтериңер күйүп кетсе, жоголуп кетсе, айрылып калса эч кам санабай биздин кызматкерлерди күтүп туруңуздар. Алар сиздерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу барып, катташат. Биз башка мамлекеттик органдардай эле бир күндүк маянабызды которуп жардам берели деп жатканбыз, бирок биз тамак-аш, кийим-кече, баарын жеткирип жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан айлыгыбызды сиздердин документтерге кеткен чыгымдарга жумшайлы деп өкмөттөн уруксат сурап жатабыз. Жоголгон, күйүп кеткен документтериңерди Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз жасап берет», -деди Мамбеталаиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *