Slider

2021-жылдын 29-апрелинде, таңкы саат 04: 40та Тажикстандын туруктуу аскерлери жана бандиттик кошуундары автоматтык курал, миномет, согуштук тик учак, брондолгон оор техника, артиллериялык экипаж жана башка курал менен Кыргызстандын тынч жаткан калкына кол салышты.

Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмунун 1976-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын Уставынын талаптарын,

1991- жылдагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимди,

1991-жылдагы Алма-Ата декларациясын,

1994 –жылдагы КМШга мүчө мамлекеттердин чек араларынын суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча Москва декларациясын жана 1996-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагына кол салган – деп жазылган Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *