Slider

Коргоо министрлигинин саперлор тобу Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылында жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Бүгүн саат 9:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу деп бааланды. Өткөн түнү ок атышуулар жана башка окуялар катталган эмес.

Буга чейин Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнөн авиациялык ракета табылган. Тилекке жараша, ал жарылбай калган. Чек ара кызматы 29-апрелде тажик аскерлери Ми-24 тик учагы менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул жасаганын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *