Slider

Баткен облусундагы чек арада болгон чыр чатактардан жабыркаган тургундарга Ош шаарындагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрү, ишкерлер жана жарандык активисттер тарабынан 2 миллион сомдук гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Жардамга кол сунгандарга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жолугуп, бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Маалым болгондой, Баткен облусунун жабыркаган тургундарына азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, дары-дармектер, жылуу жууркандар жөнөтүлдү. Ошондой эле, атайын эсеп ачылып, акча каражаты чогултулуп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *