Slider

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кетти. Бул маалыматты Суваналиев өзү ырастап, бул чечим Бишкектен кабыл алынганын айтты.

Анын айтымында, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.

Баткен облусунун жетекчисинин алмашуусу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан жаңжалдан кийин кабыл алынып жатат.

Суваналиев 28-30-апрелдеги чек ара жаңжалынын алгачкы сааттарында кырдаалды жеринен көзөмөлдөгөн жетекчилердин бири болгон. Ал коңшу өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *