Slider

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчылары Ташиев жана Ятимовдун эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрү аяктады.

Камчыбек Ташиев журналисттерге билдиргендей, тараптар 8 пункттан турган протоколго кол коюшту. Документтин чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат. Учурда тараптар чек арадан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча макулдашканы белгилүү болду. Ошондой эле, эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 4-июнга караган түнү тажик тарап, мурда жетишилген келишимдерди бузуп, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотконун билдирген.

Андан көп өтпөй, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери контейнерди макулдашылган аймакка жайгаштырдык деп жооп кайтарышкан

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *