Slider

6-июнда Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргызстандын калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылуу учурунда Кыргызстандын укук коргоо органдары эч кандай жардам көрсөтүшкөн эмес.

«Биздин укук коргоо органдары (УКМК, ИИМ жана Прокуратура) Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу учурунда эч кандай жардам бербегендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Тескерисинче, алар кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышты. Бирок башка өлкөлөрдө эл аралык сотторго мамлекеттик органдар кайрылууга милдеттүү. Алар өз милдеттерин аткаруунун ордуна, кайдыгер эмес жарандарга тоскоолдуктарды жаратышат , — деп жазган Токтогазиева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *