Slider

Тарыхта алгачкы жолу кино тобу бүгүн, 5-октябрда Байконурдан ЭКСке чейин старт алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, «Союз» кемесинде космонавт Антон Шкаплеровдон тышкары орусиялык кинорежиссер Клим Шипенко менен актриса Юлия Пересилд учушат.

Алар орбитада «Вызов» (Чакыруу) деп аталган көркөм фильм тартышат. Эксперттер тасманы ЭКСте тартуу Роскосмос жана Орусия өлкөсү үчүн жакшы пиар-кадам болот деп эсептешет.

Нур-Султан убактысы боюнча саат 18:12де «киноэкипаж» ЭКСтин орус сегментинин «Рассвет» модулуна токтойт деп күтүлүүдө. Люктардын ачылышы жана экипаждын станцияга которулушу Нур-Султан убактысы боюнча 20:05те күтүлүүдө.

Тасманы тартууда орусиялык космонавттар жардам беришет. Персилд менен Шипенконун ЭКСте 12 күн болуусу пландаштырылган. Аларды Казакстандын талааларына отургузуу 17-октябрга белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *