Slider

Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы эски тасмаларды санарипке өткөрүп, узак убакытка сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

18-октябрь күнү, «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында «Blackmagic Cintel Scanener» аппараттык комплексинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Садык Доган, Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (ТИКА) өкүлдөрү жана эки өлкөнүн кинорежиссёрлору катышты.

Атайын жабдуунун жардамы менен студия эски тасмаларды санарипке өткөрүп, узак убакытка сактай алат. Учурда студияда 900дөн ашуун тасма бар. Студиянын техникалык базасын модернизациялоо долбоору маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу астында ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Осман Уста менен бирге ишке ашырылды.

Ачылыш аземде министр Азамат Жаманкулов Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине, Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигине (ТИКА) ыраазычылык билдирип, бардык деңгээлде кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Министр өз сөзүндө Улуттук киностудиянын казынасы фильмдерге бай экенин жана алдыда дагы көп иштерди жасоо керектигин белгилеп, ата мекендик тасмаларды санарипке өткөрүү заман талабы жана өз убагында жасалган кадам экенин кошумчалады.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган эки элдин маданий -гуманитардык байланыштарын чыңдоо үчүн тийиштүү чараларды көрөрүн жана кызматташууга даяр экенин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө киностудиянын директору Акжол Бекболотов заманбап технологиялардын колдонулушун көрсөттү.

Белгилей кетсек, заманбап жабдуулар Түркиянын кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги (ТИКА) тарабынан Кыргызстанга берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *