Slider

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды. Байжиев 29-октябрда Бишкекте 86 жаш курагында каза болгонун маркумдун жакындары кабарлашты.

Байжиев менен коштошуу зыйнаты 31-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Опера жана балет театрында өтөт.

«Манас» орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунда туулган.

Ал орус жана кыргыз тилдеринде жазган сынчы, котормочу катары да таанылган.

Байжиев «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларынын автору. «Эрөөл» пьесасынын сюжетине эки опера коюлган. «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *