Slider

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлерине гуманитардык жардам жиберди. Бул тууралуу КРнын согуштун, куралдуу күчтөрдүн жана тылдын ардагерлеринин кеңешинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Орусиянын КРдагы элчилигинин коргоо боюнча атташеси Игорь Довбня аскер кызматкерлерине медициналык жабдууларды жана оргтехникаларды тапшырды.

Ал белгилегендей, бул Кыргызстан менен Орусиянын союздаштык мамилелерин чыңдоого жасалган кичинекей кадам. Игорь Довбня эки өлкөнүн достук мамилеси мындан ары да чыңдалып, өнүгө берерин кошумчалады.

Гуманитардык жардамда коляскалар, глюкометрлер, балдактар, кварц лампалары, компьютерлер жана фотоаппараттар бар.

КР Коргоо министрлиги кошумчалагандай, жардам эки өлкөнүн ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чечими менен берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *