Slider

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-ноябрына карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмониянын 68 жаңы учуру катталды.

Маалым болгондой, алардын 44ү Бишкек шаарында, 4ү Ош шаарында, 2ү Чүй облусунда, 1и Нарын облусунда, 13ү Ысык-Көл облусунда, 13ү Ысык-Көл облусунда, 3ү Жалал-Абад облусунда, 1и Баткен облусунда.

Пандемиянын бардык мезгилинде өлкөдө илдет жалпысынан 181 миң 327 адамдан табылган.

Бир сутка ичинде 70 бейтап коронавирустан айыгып чыкты.

Коронавирус пандемиясынын бардык мезгилинде оорудан жалпысынан 175 миң 716 бейтап айыккан.

COVID-19дан сутка ичинде эмделбеген жарандардын арасында өлүмгө алып келген 1 учур катталды.

Жалпысынан бардык мезгил ичинде 2 миң 672 адам каза болгон.

Учурда стационардык дарыланууда 709, амбулатордук дарылоодо 707 бейтап бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *