Slider

Орус инженерлери жеңил унаалардагы кырсыктан кийин калган кемчиликтерди аныктай турган аппарат ойлоп табышты. Бул тууралуу max-cars.ru билдирди.

Аппарат унаанын кузовунун таасири же деформациясынын кесепеттерин тааный алат. Ал ошондой эле машинанын «оңдоо тарыхын талдай алат».

Система мониторинг жүргүзүү, жарыктандыруу үчүн эки камерадан, сигналды өзгөрткүчтөн, башкаруу жана баалоо бөлүмдөрүнөн жана алынган маалыматтарды иштетүү үчүн компьютерден турат.

Аппарат тетиктин бетине тепловизор менен импульстук эффект берет. Бул жылуулук талаасынын бузулууларын ачууга жана жашыруун бузулууларды жана деформацияларды аныктоого жардам берет.

Иштеп чыгуучулар аппараттын автосервис, дилердик борборлор, тейлөө станцияларында популярдуу болоруна жана начар колдонулган унааны сатып алуу коркунучун азайтууга жардам берет деп ишенишет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *