Slider

Келерки, 2021-жылы Кыргызстанга 128 млн. доллардан ашуун инвестиция келбей калышы мүмкүн. Бул быйылкы пандемия шартындагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бүгүн, 22-декабрда билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда кызмат көрсөтүү, туризм, соода, өнөр жай, курулуш жана башка тармактар жабыркады. Майышып турган экономикага октябрь окуялары ансайын сокку урду.

«Октябрдагы окуялардан кийин кырдаал тескерисинче аябай курчуду. Ишканаларды текшерүү күч алды. Тоо-кен тармагында чыгаша 20-25 млн. долларга чейин чыкты. Биздин баштапкы эсептер боюнча, 2021-жылы өлкөгө 128 млн. доллардан ашуун инвестиция келбейт. Бул беш-алты компаниянын эсебиндеги эле сумма. Буга өлкөдөгү саясий кризис менен коронавирус пандемиясынын таасири чоң», — деди Аскар Сыдыков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *