Slider

Ырчылар Чолпон Талипбек менен Максат Садырбеков «Non-Stop» дуэти менен биригишкенин жарыялашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында белгилүү болду.

Алып баруучу Эркин Рыскулбековдун айтымында, дуэт Central Asia’s Got Talent шоусуна катыша турган таланттуу кыргызстандыктарды тандай турган калыстар тобунда болот.

Чолпон Талипбек : «Биз расмий түрдө Non Stop дуэтинин солисти болуп иштеп жатканыбызды билдиребиз», — деди.

«Биз кастинг аркылуу кыялыбызды ишке ашыра алдык. Сөзсүз баргыла, өлкөбүз таланттарга бай. Сынактын өзгөчөлүгү — ага эч кандай чектөө жок. Ар ким өз алдынча таланттуу»,— деди ал шоу тууралуу айтып жатып.

Эске салсак, Максат Садырбеков 2018-жылы жеке чыгармачылык карьерасын баштаганын жана Чолпон Талипбек менен сегиз жыл бирге ырдаган Non Stop тобунан кеткенин жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *