Slider

Айыл чарба тоюттарынын жетишсиздигин чечүү үчүн импорттолгон тоютка КНС нөлгө түшүрүлгөн. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Колдонулган чаралар республикадагы тоюттун көлөмүн жана анын өзүнө турган наркын кескин түрдө төмөндөттү.

Түшүм жыйноо кызуу маалында, мисалы, буудайдын баасы 28 сомго чейин көтөрүлгөн. Кошумча нарк салыгы жоюлгандан кийин баалар 25%га арзандаган.

Министр тоюттун жетишсиздигинен дыйкандар малды массалык түрдө союп, сатып жатканын четке кагууда.

Анын айтымында, мал базарындагы абал жылдын ушул маалында мурдагыдай эле жана күзүндө сатылган малдын саны ар дайым өскөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *