Slider

24-ноябрдан тарта Ош шаарынын аймагында Өзгөн жана Алай райондорундагы карьерлерден көмүр арзан баада сатыла баштады. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов көмүр сатуучу жайлардын иши менен жеринде таанышты.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдришкендей, шаардыктарды арзан баада көмүр менен камсыз кылуу максатында Ош шаарынын мэриясы эки ишкана менен 700 тонна көмүр боюнча келишим түздү.

Бүгүнкү күндө 112 тонна көмүр алынып, шаардагы МТУ боюнча 5 атайын техникага бөлүнүп берилди.

Белгилей кетсек, шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймагында 7 көмүр сатуучу пункттар ачылган.

Өзгөн районундагы карьерлерден 1 тонна көмүрдүн баасы 3000 сом, Алай районундагы карьерлерден 4000 сомдон сатылууда. Бир үй-бүлө 1 тоннага чейин көмүрдү базар баасынан арзан сатып алса болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *