Slider

Энергияны үнөмдөө үчүн мектептерди онлайн билим берүүгө өткөрүү планда жок. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Надира Жусупбекованын айтымында, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн шайлоо участкалары жайгашкан мектептер бир күнгө гана онлайн окутууга өткөрүлөт.

«Кечээ райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен онлайн жыйын өткөрдүк. Ишембиде жергиликтүү бийликтер шайлоо участкаларын даярдап, дүйшөмбү күнү дезинфекциялайт. Ошол эле бала бакчаларга да тиешелүү. Санитардык-эпидемиологиялык инспекциядан башка көрсөтмө алган жокпуз. Эгерде кайсы бир мектептерде жылуулук маселеси жаралса, анда алар жергиликтүү бийлик менен жер-жерлерде чечилет», — деди билим берүү министринин орун басары.

Өлкөдө коронавирус боюнча абал туруктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *