Slider

Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышты.

Жыйында кичи автобустарда жол кире акысын көтөрүү маселеси талкууланды. Шаардык кеңештин депутаттары сессияда кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамдарды көбөйтүү жана кичи автобустарды кечкисин иштетүү сыяктуу темаларды көтөрүштү.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө көпчүлүк айдоочулар күйүүчү майдын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу кезекке туруудан баш тартып жатканын билдирди. Анын айтымында, жол кирени көтөрүү зарылчылыгы бар.

Депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында кичи автобустардагы жол кире күндүзгү 15 сомго, саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Мектеп акысы жогорулаган жок. Тарифтер 2021-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *