Slider

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандагы “Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал элчиликтин Instagram баракчасына жазган.

Элчи Орусия жаңы конституциялык мыйзам долбоорунун айланасындагы кызуу талкууга көз салып турганын жана долбоордун кабыл алынышы Баш мыйзамда расмий тил макамы бар орус тилинин «колдонуу чөйрөсүн кыскартат” деген кооптонуу бар экенин айткан.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 25-ноябрда жөнөтүлдү. Документ 22-октябрдан 22-ноябрга чейин коомдук талкууда турган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *