Slider

Президент Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү республикадагы шайлоонун жыйынтыгын таанууга чакырды. Бул тууралуу ал элге кайрылуусунда билдирди.

Жапаров шайлоонун жыйынтыгын таануу жана элдин эркине баш ийүү мыйзамдын жана демократиянын талабы экенин айтты. Анын айтымында, Кыргызстанга биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керек.

Жапаров бийлик шайлоо процессине эч кандай кийлигишпегенин белгиледи. Ал жаңы шайланган депутаттар менен ийгиликтүү иштеше алат деп ишенет.

Акыркы маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңешке алты партия өтүп жатат, анын ичинде бир оппозициялык партия бар. Алдыда өкмөтчүл үч лидер бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *