Slider

Кыргызстандын аймагына кирүүнү каалагандар коронавируска ПЦР тесттен өтүшү керек. Жаңы талаптар 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинети коронавирустук инфекциянын жаңы «Омикрон» штаммынын өлкөгө киришине жол бербөө үчүн республиканын чек арасынан өтүү эрежелерин өзгөртүү зарыл экенин белгиледи.

Ошол эле учурда COVID-19га каршы эмдөө алган чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар өлкөгө келер алдында ПЦР-тесттен өтүшү керек жана анализи терс экенин тастыктаган документи болушу керек.

Маалымат үчүн: «Омикрон» штаммы- (B.1.1.529) баштапкы вируска караганда бир кыйла көп мутацияларга ээ. Көпчүлүк мутациялар спик протеинде пайда болот, анын жардамы менен вирус адамдын организмине кирет. Учурдагы вакциналар негизинен протеинди нейтралдаштырууга багытталган, ошондуктан илимпоздор алар жаңы штаммга каршы эффективдүү эмес деп кооптонушат. Лондон Императордук колледжинин вирусологу Том Пикок мутацияларды «коркунучтуу» деп мүнөздөдү.

Жаңы штамм менен ооруган алгачкы учурлар Түштүк Африкада катталса, андан кийин Германияда, Италияда, Улуу Британияда, Голландияда, Бельгияда, Гонконгдо, Израилде жана Австралияда табылган. Эксперттер жаңы версиянын бүткүл дүйнөгө жакын арада жайылышынан чочулашууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *