Slider

Стамбулду каптаган бороондун натыйжасында каза болгондордун саны төрткө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алардын айтымында, жаракат алгандардын саны 38 адамга жетти. Бороон үйлөрдүн чатырларын учуруп, курулуштарды бузуп, бак-дарактарды тамыры менен жулуп кеткен. Стамбулда саат мунарасынын жолго кулап түшкөнүн күбөлөр тартып алышкан. Шамалдын кесепетинен унаалар оодарылып, зымдар үзүлгөн.

Мурдараак маалымдалгандай, Эсенюрт аймагында чатырдын кулашынан эки адам каза болуп, тогуз адам жаракат алган. Түркиянын башкы метеорологиялык кызматы 17 провинцияга кызгылт сары эскертүү берди.

Анын айтымында, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен. Босфордо кемелердин кыймылы токтотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *